№77 №77 жалпы орто билим берүү мектеби

О нас

О нас

Биздин №77 жалпы орто билим берүү мектеби жөнүндө жалпы маалымат

Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы жалпы орто билим берүү жөнүндөгү мыйзамын ишке ашыруу менен  жаш өспүрүмдөрдү коомго социалдык жактан  жигердүү ылайыкташууга, өз алдынча  кесип тандоого, билим алууга, өзүн-өзү такшалтууга кудуреттүү, телегейи тегиз өсүп өнгөн инсанды тарбиялоону жана таалим берүүнү көздөгөн үзгүлтүксүз процесс катары мектеп өнүгүүнүн үстүндө иштөөсү  зарыл.

Ленин районуна караштуу №77-жалпы билим берүүчү орто мектепте жылдан-жылга окуучулардын саны өсүүдө.

 Мектептин сырткы өнүгүү фактору

Ак-Өргөдөгү №77 жалпы билим берүүчү орто мектеп Ленин районуна караштуу Ак-Өргө жаны конушунун  Ашар -4 көчөсүндө жайгашкан.

Мектеп 1995-жылы 5-октябрда негизделген. Бишкек шаардык мэриясынын ОУну түзүү боюнча буйругунун, чечиминин негизинде негизделген.

Тиби: Мектеп

       Ишмердүүлүктүн (жолу) түрү: Окутуу жолу менен;

Кайсы тилде окутат ?: Кыргыз,орус (1-4кл);

Телефону: 41-22-66;

       Жетекчинин аты, атасынын аты: Дооталиева Аида Арыпбековна;

Устав (регистрацияланган номери жана датасы);

ОУнун түзүлүшү: 1-4-башталгыч кл(кыргыз, орус тилинде);

5-9-негизги билим алуу, ортоңку класс;

10-11-жогорку класс;

Проект боюнча окуучулардын сыйымдуулугу: 750 орундуу;

Жылытуунун түрү: электр менен;

Мектептин материалдык- техникалык базасы:

  1. Методикалык кабинет -1;
  2. Класс кабинеттери – 35;
  3. Спорт зал – 1 (365,5 м);
  4. Күрөш зал – 1 (4420,4 м);
  5. Жыйын залы – (503 м);
  6. Китепкана – 2 ( бирөөсү шаардык китепкана);
  7. Мед. кабинет;

Проект боюнча-29 класстык кабинет,бирок кийин кошумчаланган класстык кабинеттер менен 32 кл. кабинет болду;

Окуу негизги жана жогорку класстарда эки смендүүлүктө,ал эми башталгыч класстарда үч смендүүлүктө жүргүзүлөт;

Мектепке Ак-Өргөдөн, Ак-Ордодон, Селекциядан, Ороктон балдар келип окушат.

Жылдан-жылга мектепте окуучулар үчүн түзүлгөн шарт жакшы.

Акыркы үч жылда тартиби боюнча учетто турган балдар жокко эсе. Мектепте толук эмес үй –бүлөдөн-257 окуучу окуйт.  Негизи окуучулардын социалдык абалдарын изилдөөгө караганда- 119  аз камсыз болгон, ал эми көйгөлүү үй- бүлөнү-11 окуучу түзөт.

Ал эми квартиранттар- 495; Көп балалуулар- 169 ; Тоголок жетим-6; Жарым жетим-98, майып балдардын окуганы -12; Үйдө окуганы -1;

Афган согушуна катышкандардын балдары -7; Баткенде- 6; Апрель революциясы- 4; Ата-энеси башка мектепте мугалим болуп иштеп жүргөндөр- 47; Үй-бүлөдө жалгыз бой энелер- 35 ж.б;

Жогорудагы социологиялык жыйынтыкка караганда окуучуларга дифференциалдык форма менен мамиле жасап,окуучуларды илим-билим алууга кызыктыруу зарыл. Бирок көпчүлүк ата-энелер балдарынын кесиптик билим алышына кызыгышат;

  • 2017-2018-окуу жылында 69 класс комплект болду, окуу-тарбия процесси 3 сменада жүргүзүлдү,

  2388 окуучу билим-тарбия алышты.

  • 2018-2019-окуу жылында 52 класс комплект болду, окуу-тарбия процесси 2 сменада жүргүзүлүүдө,

  1674 окуучу билим алууда.

  • Мектепте 82 мугалим эмгектенип, иш алып барууда.

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета
Обратная связь